26
КЫРГЫз
ВаФЛИ ЖаСаГЫЧ MW-1561
Шайман сэндвичтерди жасоо, вафлилерди бышы-
руу жана азыктарды кууруу үчүн арналган.
СЫПаТТаМа
1.
Электр тармагына сайылгандын индикатору.
2.
Ысытуучу элементтин иштөө индикатору
3.
Туткалар
4.
Туткалардын бекитмеси
5.
«Гриль» кууруу үчүн иштөө пластинлар
6.
Пластиналардын бекитмеси
7.
Сэндвичтерди жасоо үчүн иштөө пластиналар
8.
Вафлилерди жасоо үчүн формалар
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
номиналдуу иштеткен тогу 30 мА ашырба-
ган коргоп өчүрүүчү аспабын орнотуу мак-
сатка ылайык, аспапты орнотуу үчүн атай-
ын адиске кайрылыңыз.
КООПСУзДУК ЧаРаЛаРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун колдон-
мону көңүл коюп окуп-үйрөнүп, маалымат катары
сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын бузулу-
усуна, колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө
зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
•
Шайманды иштеткендин алдында чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык бол-
гонун текшерип алыңыз.
•
Электр шнуру «европалык сайгычы» менен
жабдылган; аны бекем жердетүү контакты бар
розеткасына туташтырыңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн шайманды
электр розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•
Электр тармагы ашыра жүктөлгөнгө жол
бербөө үчүн пайдалануу кубаттуулугу чоң
шаймандардын бир нечесин бир убакытта
иштетпеңиз.
•
Шайманды тегиз туруктуу ысыкка чыдамдуу
беттин үстүнө, электр розеткага бош жеткен-
дей кылып орнотуңуз.
•
Вентиляциясы жакшы болгон жерлерде шай-
манды иштетиңиз. Өрт коркунучун жоюу үчүн
шайманды пардалардын жанда жайгашпай,
иштеген учурунда үстүн жаппаңыз.
•
Шайманды
имараттардын
сыртындан
колдонбоңуз.
•
Бат жалындап кетүүчү заттар сакталып же
колдонулуп турган имараттарда шайманды
иштетүүгө тыюу салынат.
•
Шайманды газ мештердин же жылыткычтар-
дын жанында иштетпеңиз, шайманды ысык
беттерге койбоңуз.
•
Электр шнуру столдун кырынан салаңдабай,
учтуу кырларга же ысык беттерге тийбей тур-
ганы зарыл.
•
Электр шнурун чыйратпай, шаймандын корпу-
суна түрбөңүз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасы-
нан сурганда, электр шнурунан кармап эч
качан тартпаңыз, сайгычынан колуңуз менен
кармаңыз.
•
Кубаттуучу сайгычын суу колуңуз менен
тийбеңиз.
•
Ашканадагы раковинанын тикеден-тике
жакындыгында шайманды колдонбоңуз, шай-
манды нымдуулуктун таасиринен коргоңуз.
•
Ток урбас үчүн электр шнурун, кубаттуучу сай-
гычын же шаймандын өзүн сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз. Шайман сууга түшкөн
болсо, шайманды ТИЙБЕҢИЗ, аны токтоосуз
электр тармагынан ажыратып, андан кийин
гана шайманды суудан чыгарсаңыз болот.
Шайманды текшерүү же оңдотуу үчүн автор-
доштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө борбо-
руна кайрылыңыз.
•
Этият болуңуз: шайман иштеп турган кезин-
де анын корпусу менен иштөө пластиналар
абдан ысыйт, ысык беттерин тийбеңиз.
•
Шайман толугу менен муздаганга чейин аны
жылдырбаңыз.
•
Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
•
Тазалагандан мурун жана шайманды пайда-
ланбаган учурда аны милдеттүү түрдө электр
тармагынан суруңуз.
•
Шайманды тазалоонун алдында аны толугу
менен муздатып алыңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн сэндвич жасагыч-
ка өтө калың нан кесимдерин салбай, аларды
фольгага оробоңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Азыктарды даярдагандан
кийин дароо чыгарыңыз. Азыктардын иштеп
турган шайманда өтө көп болгону алардын
жалындап кетүүсүнө алып келүү мүмкүн.
•
Азыктарды чыгаруу үчүн эч качан учтуу буюм-
дарды колдонбоңуз, бул күйгүзбөс катмарын
бузуу мүмкүн.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды кароо-
суз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз!
Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз.
Бул тумчугуунун коркуну-
чун жаратат!
IM MW-1561.indd 26
11.05.2018 16:35:12