153
Көйгөй
Болжолдуу себеби
Чечим
Үтүктүн таманынан суу
агып чыгып жатат.
Байкабастан Calc-Clean
процессин баштагансыз
(“Тазалоо жана тейлөө”
бөлүмүн караңыз).
Шайманды өчүрүңүз. Анан аны кайра
күйгүзүңүз. “Үтүк даяр” көрсөткүчү
токтобой күйгүчө үтүктү ысытыңыз.
Calc-Clean процесси
башталбай жатат.
CALC-CLEAN баскычын
шайман үн чыгаргыча 2
секунд баскан эмессиз.
“Тазалоо жана тейлөө” бөлүмүн караңыз.
Үтүк кийимге жалтырак
же үтүктүн тагын
калтырып жатат.
Үтүктөлө турган жер түз
эмес болчу, мисалы, сиз
кийимдин тигишинин же
бүктөлгөн жерлеринин
үстүнөн үтүктөп жаткансыз.
PerfectCare бардык кийимдерге колдонуу
үчүн коопсуз. Жалтырак же так биротоло
калып калбай, кийимди жууганда кетет.
Бүктөлгөн жерлерди же тигиштерди
үтүктөбөңүз же так калбашы үчүн үтүктөлө
турган жерге кебез чүпүрөк коюп койсоңуз
болот.
Үтүктөө тактасынын
кабында жетишерлик кийиз
кездеме коюлган эмес.
Үтүктөө тактасынын кабынын алдына
кийиз кездеменин кошумча катмарын
коюңуз.
Үтүктөө учурунда
тактанын кабы суу болуп
же полдо/кийимде суу
тамчылары калып жатат.
Узакка созулган үтүктөөдөн
кийин тактанын кабында
буу тер болуп калып калган.
Эгер тактанын кабы эскирип калган
болсо, аны алмаштырыңыз. Ошондой
эле үтүктөөчү тактанын кабынын астына
кошумча бир катмар кийиз кошуп
кое аласыз, ал үтүктөө тактасындагы
конденсаттын пайда болушун алдын алат.
Үтүктөө тактаңыздын кабы
шаймандын бууну көп
чыгаруусуна дал келбеши
мүмкүн.
Үтүктөө тактасынын кабынын астына
кошумча бир катмар кийиз салыңыз,
ал үтүктөө тактасында тердин пайда
болушунун алдын алат.
Буу генератору
Өндүрүүчү: “ДАП Б.В.”, Нидерланд, Драхтен, 9206АД,
Туссендиепен 4 а
Россия аймагына жана Бажы биримдигине импорттоочу: ЖЧК
“ФИЛИПС-үй үчүн техника”, Россия Федерациясы, 123022 Москва
ш., Сергей Макеев көч., 13-үй, 5-кабат, ХVII жай, 31-бөлмө,
телефон номери +7 495 961-1111
GC7805, GC7808, GC7833, GC7842, GC7844, GC7846 : 2000-2400W,
220-240V, 50-60Hz
Үй тиричилигине керектөө үчүн
I класстагы жабдык
Индонезияда жасалган
Сактоо шарты, иштетүү
Температура: +0°C - +35°C
Тийиштүү нымдуулугу: 20% - 95%
Атмосфералык басым: 85 - 109kPa
Кыргызча