27
КЫРГЫЗ
•
Нымдаткычты тазалоонун алдында же
көпкө чейин колдонбогон учурда шайманды
электр тармагынан милдеттүү түрдө
ажыратып, резервуарындагы жана иштөө
камерасындагы сууну төгүңүз.
•
Шайманды
башка
жерге
ташуунун
алдында
аны
электр
тармагынан
ажыратып, резервуарындагы жана иштөө
камерасындагы сууну төгүңүз. Шайманды
ташыганда, эки колуңуз менен корпусунан
кармап көтөрүңүз.
•
Кубаттуучу сайгычын суу колуңуз менен
тийбеңиз.
•
Шайманды мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
•
Аралыктан башкаруу пульттун көп убакытка
чейин колдонбой турсаңыз, кубаттандыруу
элементин батарея отсегинен чыгаруу
зарыл.
•
Кубаттандыруу элементин орноткондо
белгилерине ылайыктуу полярдуулугун
сактаңыз.
•
Кубаттандыруу элементин убактылуу түрдө
алмаштырыңыз.
•
Шайман иштеп турган учурда балдарга
шаймандын корпусун жана электр шнурун
тийүүгө уруксат бербеңиз.
•
Бул шайман балдар колдонгону үчүн
арналган эмес.
•
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп
же
шайманды
колдонуу
жөнүндө
инструкциялаган болбосо, колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго
балдарга уруксат бербеңиз!
Тумчуктуруунун
коркунучу бар!
•
Шайманды электр тармагынан сурганда
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, сайгычын
кармап, акырын розеткасынан чыгарыңыз.
•
Электр шнурунун, кубаттуучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшсө аны
иштетпеңиз.
•
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
•
Айлана чөйрөөну сактоо максатында
шаймандын кызмат мөөнөтү бүткөндөн
кийин аны турмуштук калдыктары менен
чогу ыргытпай, утилизациялоо үчүн
адистештирилген пунктуна тапшырыңыз.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген кургак
салкын жеринде сактаңыз.
АСПАП ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА
ГАНА АРНАЛГАН
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шарттарда шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл
.
Нымдаткычтын ичинде суунун тактары
болгону мүмкүн – бул нормалдуу көрүнүш,
себеби шайман сыпат контролдон өткөн.
–
Шайманды таңгактан чыгарып, таңгак
материалдарын
жана
шаймандын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз. Шаймандын
бүтүндүгүн текшерип алыңыз. Бузулуулары
бар болсо, шайманды иштетпеңиз.
–
Шайманды электр тармагына кошуунун
алдына
иштөө
чыңалуусу
электр
тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
Эскертүү:
Нымдаткычты температурасы +10°C-тан
+40°C-ка чейин жана салыштырмалу нымдуулугу
80%-тен кем болгон имараттарда колдонуңуз.
Колдонгон суунун температурасы +40°С
ашык болбоо зарыл.
Аралыктан башкаруу пультуна (14)
кубаттандыруу элементин орнотуу
•
Бекитмени
басып,
кубаттандыруу
элементинин кармагычын пульттун(14)
ичинен чыгарып, CR2025 кубаттандыруу
элементин полярдуулугун сактап орнотуңуз.
IM VT-2336.indd 27
28.12.2016 17:46:14
Summary of Contents for 113621
Page 1: ...1 VT 2336 BK 3 8 14 20 Humidifier 26 IM VT 2336 indd 1 28 12 2016 17 46 11...
Page 2: ...IM VT 2336 indd 2 28 12 2016 17 46 12...
Page 9: ...9 www vitek ru 10 C 40 C 80 40 IM VT 2336 indd 9 28 12 2016 17 46 12...
Page 15: ...15 www vitek ru 10 C 40 C 80 40 IM VT 2336 indd 15 28 12 2016 17 46 13...
Page 21: ...21 www vitek ru 10 40 C 80 40 14 14 CR2025 IM VT 2336 indd 21 28 12 2016 17 46 13...
Page 25: ...25 1 1 1 220 240 50 30 5 5 300 35 2 3 2004 108 2006 95 IM VT 2336 indd 25 28 12 2016 17 46 13...
Page 27: ...27 www vitek ru 10 C 40 C 80 40 14 14 CR2025 IM VT 2336 indd 27 28 12 2016 17 46 14...
Page 31: ...31 1 1 1 220 240 50 30 5 5 300 35 2 5 IM VT 2336 indd 31 28 12 2016 17 46 14...