24
КЫРГЫЗ
•
Буу чыгаруу тешиктердин үстүнөн эңкейбей,
аларга колуңузду келтирбеңиз, бул күйүккө
алып келүү мүмкүн. Буу чыгаруу тешигин ар
кандай буюмдар менен жаппаңыз.
•
Термопоттун ысык беттерин тийбеңиз.
•
Ичинде кайнак суу бар термопотту көтөргөндө
этият болуңуз.
•
Капкакты
ачуу
баскычынан
кармап
термопотту көтөрүп ташууга тыюу салынат.
•
Ысык сууну төккөндө этият болуңуз.
•
Термопоттун колбасынан калган ысык
сууну төккөндө капкагын алдын ала чечүү
рекомендацияланат.
•
Ток урбас үчүн термопотту, электр шнурун
жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
•
Шайманды колдонбогондо жана тазалоонун
алдында аны электр тармагынан ажыратып
туруңуз.
•
Термопотту идиш жууган аспапка салбаңыз.
•
Шайманды узак мөөнөткө сактоого койгондун
алдында аны электр тармагынан суруп, сууну
төгүп, аспапты муздатып, кургатып алыңыз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз.
Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
•
Иштеп турган шаймандын жанында балдар
же жөндөмдүүлүгү төмөн адамдар бар болсо,
өзгөчө көңүл буруңуздар.
•
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
•
Электр шнурунун, кубаттуучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшсө аны
иштетпеңиз.
•
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды оз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген жерлерде
сактаңыз.
АСПАП
ТУРАК
ЖАЙЛАРДА
ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Түзмөктү
төмөнкү
температурада
ташылган же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат кармап
туруп, анан иштетүү керек.
Термопоттун ичинде суудан калган тактар
болушу мүмкүн – бул нормалдуу кубулуш,
себеби түзмөк сапат контролдоодон
өткөн.
•
Термопотту таңгактан чыгарып, шаймандын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
•
Түзмөктүн бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо түзмөктү колдонбоңуз.
•
Шаймандын электр чыңалуусу электр
тармагынын чыңалуусуна дал келерин
текшерип алыңыз.
•
Термопотту ал менен дубалдын арасында
20 см кем эмес аралык, үстү жагында 30 см
кем эмес бош аралыкты калтырып кургак
тегиз беттин үстүнө орнотуңуз.
•
Баскычты (6) басып кармап туруп, капкакты
(8) ачыңыз (1-сүр.).
•
Ылайыктуу идиш менен термопотко сууну
максималдуу деңгээлдин «Макс.» белгисинен
(15) ашырбай куюңуз.
•
Электр шнурдун штекерин (16) термопоттун
корпусундагы уясына (12), сайгычын (16)
болсо розеткага сайыңыз.
•
Башкаруу панелинде (5) сууну кайнатуу
(19) шарттамынын индикатору «BOILING/
Кайнатуу» жана суунун температурасын
сактоо индикатору (24) «85°» күйөт Суунун
«85°С» температурасын сактоо абалкы
боюнча коюлган.
Эскертүү: - сууну узак убакыт кайнатуу
учурунда, сууну кайнатуу шарттамынын
индикатору
(19)
«BOILING/Кайнатуу»
бүлбүлдөйт.
IM VT-1197.indd 24
01.08.2018 17:13:31