22
КЫРГЫЗ
–
Шайман иштеп турган учурда мотор
сапсалгысынын (8) корпусундагы аба тешик-
терин жаппаңыз, бул электрмоторунун өтө
ысыганына алып келүү мүмкүн.
–
Токтоосуз иштөөнүн максималду мөөнөтү
7 минутадан ашпоо зарыл. Ашкана аспабын
30-35 минутадан кем эмес мөөнөттөн кийин
гана кайра иштетиңиз.
АШКАНА АСПАБЫН КОЛДОНУУ
–
Насадкаларды
орнотуунун
алдында
мурун которгучу (11) «0» абалында болуп,
кубаттануучу сайгычы электр розеткасына
сайылбаганын текшерип алыңыз.
–
Колуңуз менен мотор сапсалгысын (8) кармап,
баскычтын (9) басыңыз, мотор сапсалгысы (8)
бир аз көтөрүлүп, үстүнкү абалында бекитилип
калат.
–
Табагын (5) орнотуу жайына (7) коюп6 саат
жебесинин багыты боюнча токтогонуна чейин
бурап салыңыз.
–
Насадкалардын (1, 2 же 3) бирин валына
(6) орнотуп, насадкасын өйдө тарапка
бир аз басып, саат жебесинин багытына
каршы токтогонуна чейин бурап салыңыз.
Насадкасы бекем бекитилгенин текшерип
алыңыз.
–
Керектүү ингредиенттерди табагына (5)
салыңыз.
–
Баскычын (9) басып туруп, мотор сапсал-
гысынын (8) үстү жагын басып, аны иштөө
абалына коюп, баскычты (9) бошотуңуз.
Мотор сапсалгысы (8) иштөө абалында бекем
бекитилгенин текшерип алыңыз.
–
Капкакты (4) табактын үстүнө орнотуңуз.
Эскертүү: ашкана аспабы иштеп турган
учурунда ингредиенттерди кошуу үчүн
капкагында (4) тешиги бар.
–
Кубаттануучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
–
Иштөө режимдердин которгучун (11)
бурап, насадкалардын керектүү айлануу
ылдамдыгын таңдаңыз («НАСАДКАЛАРЫ»
бөлүгүн караңыз).
Эскертүү: токтоосуз иштөөнүн максималду
мөөнөтү 7 минутадан ашпоо зарыл. Ашкана
аспабын 30–35 минутадан кем эмес мөөнөттөн
кийин гана кайра иштетиңиз.
–
Шайманды иштетип бүткөндөн кийин
которгучту (11) «0» абалына коюп,
кубаттануучу сайгычын электр розеткасынан
ажыратыңыз.
–
Табагынан (5) капкагын (4) чечиңиз.
–
Колуңуз менен мотор сапсалгысын (8) кармап,
баскычтын (9) басыңыз, мотор сапсалгысы (8)
бир аз көтөрүлүп, үстүнкү абалында бекитилип
калат.
–
Коюлган насадкасын саат жебесинин багыты
боюнча бурап чечиңиз.
–
Табагын (5) саат жебесинин багытына каршы
бурап чечиңиз.
–
Табагынан (5) ингредиенттерди чыгарыңыз.
–
Насадкасы менен табагын (5) нейтрадлуу
жуучу каражат кошулган жылуу сууга жууп,
чайкап, кургатып алыңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
–
Шайманды өчүрүп, кубаттануучу сайгычын
электр розеткадан чыгарыңыз.
–
Насадкалары (1, 2 же 3) менен табагын (5)
нейтрадлуу жуучу каражат кошулган жылуу
сууга жууп, чайкап, кургатып алыңыз.
–
Мотор сапсалгысы (8) менен негизин (10)
жумшак бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп,
андан соң кургатып сүртүңүз.
–
Ашкана аспапты, электр шнурун же
кубаттануучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салууга тыюу салынат.
–
Мотор сапсалгысынын (8) ичине же мотор сап-
салгысын (8) негизине (10) туташтыруу жайына
суу же жуучу каражат куюлганына жол бербеңиз.
–
Кирди чыгаруу үчүн нейтралдуу жуучу
каражаттарды колдонуп, металлдан жасалган
щеткаларын, абразивдүү жана эритүүчү
каражаттарды колдонбоңуз.
САКТОО
–
Шайманды тазалап алыңыз.
–
Шайманды балдар жетпеген кургак салкын
жерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Ашкана аспабы – 1 даана.
Табактын капкагы – 1 даана.
Табак – 1 даана.
Насадкалары – 3 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу кубаттуулугу: 500 Вт
Максималдуу кубаттуулугу: 900 Вт
IM VT-1438.indd 22
30.11.2017 15:34:09