33
КЫРГЫЗ
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шарттарында шайманды транс
порт тоодон же сактоодон кийин аны үч сааттан
кем эмес мөөнөткө үй температурасында
сактоо зарыл.
–
Шайманды кутудан чыгарып, иштегенине
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды
сыйрып алыңыз.
–
Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз,
бузулуулар бар болсо шайманды иштетпеңиз.
–
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
–
Түзмөк ылдамдыгы 50 Гц же 60 Гц болгон алмашма
ток тармагында иштөөгө арналган, зарыл болгон
ылдамдыгында иштегени үчүн эч кошумча
жөндөөнүн зарылдыгы жок.
КОЛДОНУУ
Эң жакшы натыйжа алуу үчүн чачты шампунь менен
жууп, кургак сүлгү менен сүртүп, фен менен кургатып,
тарап алыңыз. Андан соң чачты тармалдатып
баштаңыз.
–
Чачты туурасы 4-5 см болгон тутамдарга бөлүңүз.
–
Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюңуз.
–
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
–
« » (7) баскычты басып туруңуз, индикациялоо
панелинде (5) жарыялабай коюлган «140» градус
температуранын үлпүлдөгөн жарык индикаторлору
пайда болот.
–
Температураны коюу баскычы (6) менен иштөө
бетинин (2) +140 °C-тан +200 °С-ка чейинки
керектүү температурасын коюңуз.
Чачтын түрү
Температура
Ысыка сезгич болгон
жука чач үчүн
+140 °С-тан +160 °С-ка чейин
Узундугу орточо болгон
нормалдуу тармал
чач үчүн
+160 °С-тан +180 °С-ка чейин
Катуу, коюу, өтө тармал
чач үчүн
+180 °С-тан +200 °С-ка чейин