21
КЫРГЫЗ
• Кийимдин чөнтөктөрү бош болгонун текшерип,
кийимдин үстүнгү топчусун топчулап алыңыз.
• Кийиди илгичке илип, кийимдин кездемеси башка
буюмдарды тийбегенин текшерип алыңыз. Асылып
турган кийимдин артында ысык буудан бузула турган
башка буюмдары жок болгонун текшерип алыңыз.
• Бууландыргычты туткасынан (4) кармаңыз же
термотуруктуу түпкүчтүн үстүнө коюңуз.
• Тармактык шнурдун сайгычын розеткага сайыңыз,
ошондо индикаторунун (5) жарыгы күйөт.
• Иштөө бети (7) таңдалган температурасына чейин
ысыганда, индикатор (5) өчөт, эми буулатып
баштасаңыз болот.
• Буу берүүнү иштетүү үчүн баскычты (2) басып
туруңуз, ошондо суу берүү помпасы иштеп, сиз
мүнөздүү үнүн угасыз, бул нормалдуу кубулуш. Буу
берүүнү токтотуу үчүн (2) баскычын бошотуңуз.
• Бууну үзгүлтүксүз берүү режимин өчүрүү үчүн
баскычты (2) басып туруңуз, блокирлөөнү (3) алдыга
жылдырып, буу берүү баскычын (2) бекитип алыңыз.
Үзгүлтүксүз буу берүүнү өчүрүү үчүн блокирлөөнү (3)
артка жылдырыңыз.
Эскертүү: бууну металл топчуларга же
аксессуарларга багыттоосу кеңештелбейт.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Иштетүү убагында иштөө бети (7) менен
корпустун үстү жагы абдан ысыйт, иштөө
бети (7) менен корпустун үстү жагын тийбеңиз
жана чыгып турган ысык буудан күйүк алуудан
абайлаңыз.
Бууландыргычты щетка саптамасы (8) жок
колдонсоңуз, иштөө бети (7) менен кийимдин
5 см-ден кем эмес аралыгын сактаңыз.
• Бууландыргычты кездемеде үстү жактан асты
жагына
акырын
жылдырып,
кездемедеги
бырыштарды колуңуз менен текшилетип туруңуз.
Буу берүү иштеп турганда, бууландырып турган
кездеменин астына колуңузду салбаңыз.
• Кийимдин жеңдерин бууландырганда, жеңдин үстү
жагынан баштап, бууландыргычты ылдый тарабына
жылдырып туруңуз. Бош колуңуз менен жеңди
диагональ багытында ылдый жака жайып туруңуз.
• Көйнөктөгү чөнтөктөрдү үтүктөгөндө буулан-
дыргычты өйдө тарапка жылдырып туруңуз.
• Жұмыс аяқталғаннан кейін, электр розеткасынан
желілік сымның шанышқысын алыңыз.
• Капкакты (1) ачып, бууландыргычты көмкөрүп,
калган сууну төгүп, капкагын (1) жабыңыз.
Эскертүү: Буулап үтүктөлгөн кийим муздап,
кургашы керек, ага бир аз убакыт кетет.
ЩЁТКА-САПТАМАНЫ КОЛДОНУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Щетка саптаманы (8) колдонуунун алдында
иштөө бети (7) муздап, тармактык шнурунун
айрысы электр розеткасына сайылбаганын
текшерип алыңыз.
• Щетка саптамасы (8) кийимден түк менен майда
кирди кетирип, бууландырууну оңойдотуп, калың
жана оор кездемелердин ичине буу сиңирүүнү
жакшылатат.
• Иштөө бетин (7) щетка саптамасына (8) киргизип,
щетка саптаманын (8) арты жагын бекитүү үчүн
басыңыз.
• Щетка саптаманы (8) чечүү үчүн саптаманын (8) арты
жагындагы бекитмени басып, щетка саптаманы (8)
чечиңиз.
ТАЗАЛОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
• Тармактык шнурдун айрысын электр розет касынан
ажыратып, бууландыргыч толугу менен муздаганына
чейин күтүңүз.
• Щетка саптаманы (8) чечип, аны суу агымынын
астында жууп алыңыз.
• Бууландыргычтын корпусун жана буу чыгуучу
тешиктери бар иштөө бетин (7) бир аз нымдалган
чүпүрөк менен сүртүп, андан соң кургатып коюңуз.
• Иштөө бетиндеги (7) минералдуу катмарын суу-
сирке аралашмасына малынган чүпүрөк менен
кетирсеңиз болот.
• Аспапты тазалоо үчүн абразивдүү жуучу каражат-
тарды жана эриткичтерди колдонууга тыюу салынат.
• Шайманды, тармактык шнурун жана сайгычын сууга
же башка суюктуктарга салбаңыз.
САКТОО
• Түзмөктү электр тармагынан сууруп, толугу менен
муздатып алыңыз.
• Бууландыргычты тазалап алыңыз.
• Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чектелген
адамдар колу жетпеген караңгы салкын жерлерде
сактаңыз.
Мүмкүн болгон бузулуулар жана алардын жоюу ыкмалары
Бузулуу
Себеби
Жоюу жолу
Бууландыргыч
иштебейт
Электр шнурунун сайгычы розеткасына
толугу менен кирген жок.
Тармактык розеткасында чыңалуусу жок.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
Бузулбаган түзмөктү электр розеткасына
сайыңыз, электр розеткасы бузук болсо,
ылайыктуу кызматка кайрылыңыз.
Буу чыкпай турат.
Түзмөк керектүү температурага чейин
ысыган жок.
Буу баскычы толугу басылган жок.
Суу чукурунда суусу аз.
Бууландыргыч ысыганын күтүңүз, индикатор
туруктуу түрдө күйүү зарыл.
Буу берүү баскычын токтогонуна чейин
басыңыз.
Чукурду суу менен толтуруңуз.
Буу тешиктеринен суу
тамчылары агып турат.
Түзмөк ысып турганда, иштөө камерадагы
басым жогорулап турат, ошол себептен буу
тешиктерде суу тамчылары пайда болуу
мүмкүн.
Бул нормалдуу көрүнүш.
IM VT-2436.indd 21
8/7/20 10:31 AM