21
КЫРГЫЗ
•
Электр шнуру жана тармактык шнурдун
айрысын ысык беттерге тийип турганына жол
бербеңиз.
•
Электер тармагынан тармактык шнурун
ажыратууда айрысынан кармаңыз, тармактык
шнурунан тарпаңыз.
•
Кубаттуучу сайгычты суу колуңуз менен
тийбеңиз, бул ток урууга алып келүү мүмкүн.
•
Электр шнурунун, тармактык айрысынын
бузулуулары бар болсо, түзмөк иштепиштебей
турса же кулап түшсө аны иштетпеңиз.
•
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Ар кыл бузулуулар пайда болгон
учурларда, ошондой эле түзмөк жерге түшүп
кеткенден кийин өз алдынча ажыратпаңыз,
аны розеткадан суруп, кепилдик талонундагы
же www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Түзмөктү
заводдук
таңгагында
гана
транспорттоо зарыл.
•
Түзмөктү балдардын жана жөндөмдүүлүгү
чектелген адамдардын колу жетпеген жерлерде
сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОНГОНУ
ҮЧҮН
ГАНА
АРНАЛГАН.
ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА
ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ
ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ
САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны 3 сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
–
Шайманды таңгактан чыгарып, шаймандын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
–
Иштөө камерасынан таңгак материалдары
менен ар кыл акессуарларды чыгарыңыз.
–
Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо шайманды колдонбоңуз.
ОРНОТУУ
–
Ростерди анын ичинде даярдала турган
тамактардын максималдуу салмагы менен
мештин салмагын көтөрө алган катуу тегиз
беттин үстүнө орнотуңуз.
–
Мешти нымдуулугу жана температурасы
жогору болгон жана жалбырт этип күйүп кетме
нерселердин жанында орнотпоңуз.
–
Кичине балдардын колу жетпеген жерди
таңдаңыз.
–
Ростерди арткы жана каптал жактары менен
дубалдын арасында 20 см кем эмес аралыкты,
үстү жагында 30 см кем эмес бош аралыкты
калтырып орнотуңуз.
–
Мештин түп жагынан таяныч буттарын
албаңыз.
–
Түзмөктүн корпусундагы аба тешиктерин
жаппаңыз.
Ростерди электр тармагына кошуу
–
Ростерди туташтыруунун алдында шаймандын
иштөөчү чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип
алыңыз.
–
Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр
розеткасына
туташтырганда
кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
–
Ростерди бекем жердетүүсү бар розеткасына
туташтырыңыз.
–
Жердетүү контакты жок розеткага жердетүү
контакты бар кубаттануу сайгычты туташтыруу
ток уруунун коркунучуна алып келүү мүмкүн.
–
Жердетүү
жөнүндө
инструкцияларды
түшүнбөсөңүз же ростердин корпусу бекем
жердетилгени жөнүндө шегиңиз бар болсо,
тажрыйбалуу электрик менен кеңешиңиз.
–
Узарткычты колдонуу керек болгондо тармактык
айрысында, электр розеткасында жердетүү
контакты бар 3 сымдуу узарткычтарды гана
колдонуңуз.
–
Ростердин электр шнурунун сымдарынын
кесилиш белгилери узарткычтын электр
шнурунун белгилери менен бирдей болуу
зарыл.
–
Узарткычтын электр шнуру балдар тартып
алуудай столдун кырынан арта салаңдап
турбай, анын үстүнөн басуунун мүмкүнчүлүгүн
бербегендей салынышы зарыл.
Иштетүүгө даярдоо
–
Панжара (9), таба (10), туткалар (11, 13) менен
шишин (12) нейтралдуу жуучу каражат менен
жылу сууга жууп, жакшылап кургатып алыңыз.
–
Электр шнурунун сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
–
Термостаттын жөндөгүчүн (2) бурап «250»
абалына коюп, шайманды максималдуу
ысытуу режимине коюңуз.
–
Таймердин жөндөгүчүн (5) саат жебесинин
багыты боюнча бурап, иштөө мөөнөтүн
1015 минутага коюңуз, түзмөк иштеп баштайт.
Иштөө мөөнөтү бүткөнүн үн белгиси белгилейт.
АКСЕССУАРЛАР, ФУНКЦИЯЛАР, РЕЖИМДЕР
Панжара (9)
Панжараны азыктарды кууруу жана эритүү үчүн
колдонуңуз. Астынкы ысытуучу элементтин
кирделгенине жол бербөө үчүн панжаранын
астында милдеттүү түрдө табаны (10) коюңуз.