39
КЫРГЫЗ
–
Түзмөктү таңгактан чыгарып, таңгак материалдарын
жана шаймандын иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар
кандай чаптамаларды сыйрып алыңыз.
–
Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип, бузулуулар
бар болсо аны колдонбоңуз.
–
Триммердин аккумулятор батареясын кубаттандыруу
үчүн шайманды электр тармагына биринчи кошуунун
алдында электр тармагынын чыңалуусу желе
адаптердин чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип
алыңыз.
–
Төмөн жакта жазылган рекомендацияларга
ылайыктуу аккумулятор батареясын кубаттандырып
да миздер сапсалгысын майлап туруңуз.
Аккумулятордук батареяны кубаттоо
–
Желе адаптердин шнурунун штекерин (9) уясына (5)
киргизиңиз.
–
Триммерди түз туруктуу беттин үстүнө коюңуз.
–
Желе адаптерин (9) электр розеткасына сайыңыз,
ошондо кубаттандыруу индикатору (4) күйөт.
–
Аккумулятор батареянын толук кубаттандыруу
убакыты 1,5 - 2 саатты түзөт.
–
Толугу менен кубаттандырган аккумулятор
батареянын кубаты 60 минутага жакын мөөнөттүн
ичинде токтоосуз иштеткенге жетет.
–
Аккумулятор толугу менен кубаттандыргандан кийин
кубаттандыруу индикатору (4) өчөт, желе адаптерди
(9) розеткадан чыгарып, штекерди уясынан (5)
чыгарыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ:
–
Аккумуляторлорду +5° C-тан төмөн эмес жана
+35° C-тан жогору эмес болгон температурасында
кубаттандырыңыз.
–
Түзмөктү бир айдын ичинде же андан көп
колдонбосоңуз, аны колдонуунун алдында толугу
менен кубаттандырып алыңыз.
–
Электр тармагына кошулган шайманды кароосуз
калтырбаңыз.
МИЗДЕР САПСАЛГЫСЫН МАЙЛОО
Биринчи колдонуунун алдында миздер сапсалгысын (1)
май (7) менен майлаңыз (топтомуна кирет).
VT-2560_70 x130.indd 39
21.05.2018 12:14:43