22
КЫРГЫЗ
ТЕЛЕСКОПТУК НАСАДКАСЫН ОРНОТУУ
–
Телескоптук насадкасын (1) орнотуу же ажы-
ратуунун алдында өчүргүчүн (4) «0» абалына
коюп шайманды өчүрүңүз, электр тармагынан
иштеген учурда кубаттануучу сайгычын розет-
касынан чыгарыңыз.
–
Насадкадагы (1) чыгып турган жайларын трим-
мердин корпусундагы оюктары менен дал кел-
тирип, телескоптук насадкасын (1) орнотуңуз.
–
Насадканын (1) абалын насадканы аспаптын
корпусундагы белгисине карата жылдырып
жөнгө салсаңыз болот.
–
Кыркылган чачтын керектүү узундугун койгон-
дон кийин бекитмесин (3) жогорку абалына
коюп насадканы (1) бекитиңиз.
ЧАЧТАРАМДЫ ЖАСОО ЖӨНҮНДӨГҮ
КОЛДОНМО
• Аспап менен кыркканда чач таза жана кургак
болуу зарыл.
• Колдонуунун алдында өчүргүчтү (4) «I» аба-
лына коюп, триммерди иштетиңиз, шай-
ман туруктуу иштеп турганын жана мизде-
ри жай-салмак менен кыймылдаганын текше-
рип алыңыз. Миздеринде майлагыч майы көп
болсо, өчүргүчтү (4) «0» абалына коюп, шай-
манды өчүрүп, ашкан майды кургак чүпүрөк
менен сүртүп алыңыз.
• Аспапты электр тармагынан иштетсеңиз,
электр шнурунун абалына көз салып туруңуз,
ал көп жолу түрүлгөүнө жол бербей, мез-
гил-мезгили менен аспапты өчүрүп, шнурун
түздөтүп туруңуз.
• Адамды башы сиздин көзүгүздүн деңгээлинде
болгондой отургузуп, ийиндерин сүлгү менен
жабып, чачын тарак (10) менен тарап алыңыз.
Эскертүү
–
Бир жолу кыркканда азыраак чачты кыркыңыз
– керек болсо кыргылган жерине кайрадан кыр-
куу үчүн кайтсаңыз болот.
–
Суу чачка караганда кургак чачты кырксаңыз эң
жакшы натыйжа аласыз.
–
Түз эмес кыркылган тутумдарын табуу үчүн
чачты тарак (10) менен тараңыз.
–
Биринчи жолу кыркканда, чачты узунураак кыр-
куу ыңгайлуу болот.
–
Аспапты иштетип уйрөнүүдөн улам сиз керектүү
чачтарамдарды өз алдынча жасасаңыз болот.
Биринчи кадам
Телескоптук насадкасын (1) кыркылган чачтын
«3–5» узундугуна коюп, бекитмеси (3) менен
бекитиңиз. Өчүргүчтү (4) «I» абалына коюп, аспап-
ты иштетиңиз. Аспапты миздерин өйдө каратып
кармаңыз. Чачты өсүп баштаган жеринен кыркып
баштаңыз. Аспапты өйдө тарапка жай жылдырып
туруңуз. Баштын арты жагындагы жана кулактар-
дын жанындагы болгон чачты кыркып алыңыз.
Экинчи кадам
Өчүргүчтү (4) «0» абалына коюп аспапты
өчүрүңүз, телескоптук насадкасын (1) узунураак
чачты кыркуу үчүн «6–9» абалына коюп, аспапты
иштетип, баштын төбөсүнө жакын чачты кыркууга
өтүңүз.
Үчүнчү кадам — чыкый жактагы чачты
кыркуу
Аспапты өчүрүңүз, телескоптук насадкасын (1)
кыска чачты кыркуу үчүн «3–6» абалына коюп,
аспапты иштетип, чыкый жактагы чачты кыркыңыз.
Андан кийин телескоптук насадкасын (1) «9–12»
абалына коюп, баштын төбөсү тарабына аспапты
жылдырып кыркыңыз.
Төртүнчү кадам — чоку жагындагы чачты
кыркуу
Телескоптук насадкасын (1) «9–12» абалына
коюп, чачты баштын төбөсүнөн чоку тарабына
аспапты жылдырып чачтын өсүү багытына каршы
кыркыңыз.
• Чачты өскөн багытына каршы да, өскөн багы-
ты боюнча да кырксаңыз болот, бирок өскөн
багытына каршы кыркылган чач өскөн багыты
боюнча кыркылган чачтан кыска болгонун эске
тутуңуз.
• Өтө кыска чачты кыркуу үчүн телескоптук
насадкасынын (1) «3–6» абалын колдонуңуз.
Чачты узунураак кылып кыркуу үчүн теле-
скоптук насадкасынын (1) «9–15» абалын
колдонуңуз.
• Чачты узунураак кылып кыркуу үчүн чач тутам-
дарын бармагыңыздын арасында кармап аспап
менен кыркыңыз.
• Таракты колдонсоңуз болот:чачты өйдө
көтөруп, тарактын үстүнөн аспап менен чачты
кыркыңыз.
• Кыркууну ар дайым баштын арты тарабынан
баштап туруңуз.
• Тегиз эмес кыркылган чачты табуу үчүн аны
тарап туруңуз.
Бешинчи кадам — кыркууну бүтүрүү
Чач кыркууну бүтүргөндө телескоптук насадкасын
(1) алып салыңыз, аспаптын миздерин чач жагына
каратып, моюндагы жана чыкыйдагы чачты акырын
тегиздетип алыңыз. Аспапты күч менен баспаңыз,
ачык миздери териге тийгенде кесилүү же жаракат
пайда болуу мүмкүн.
Эскертүү:
иштөө циклдердин арасында аспапты
өчүргүчүн (4) «0» абалына коюп өчүрүп туруңуз.
• Чачты кыркып бүткөндө, өчүргүчтү (4) «0» аба-
лына келтирип аспапты өчүрүп, желе адап-
терден иштеткенде аны электр розеткасынан
чыгарыңыз.
VT-2566_new.indd 22
31.05.2018 18:04:02