21
КЫРГЫЗ
–
Сиз ошондой эле, дарыканаларда жана туура
тамактануу дүкөндөрүндө сатылуучу атайын
уюткуну пайдалансаңыз болот. Уютку адатта
кургак аралашма түрүндө болот. Кургак уюткуну
бир аз сүттө эритиңиз, ал эми андан кийин
калган сүт менен аралаштырыңыз.
–
Сиз даярдаган йогуртту кийинки порция үчүн
уютку катары пайдалансаңыз болот. Мындай
уюткуну муздаткычта 7 күндөн көп эмес
сактаңыз.
Идиштер (3)
–
Даярдоо процессинде сиз пайдаланган бардык
идиш стерилдүү болууга тийиш. Идиштерди (3),
капкактарды (4), сүт кайнатуу үчүн мискейди,
кашыктарды жана ашкана термометрин кайнак
суу менен чайкап алуу зарыл.
Даярдоонун узактыгы
–
Эгерде сиз уюткунун керектүү өлчөмү менен
жылытылган сүттү пайдалансаңыз, йогуртту
даярдоонун орточо убакыты 6 саатка жакын болот.
–
Эгерде сиз кыйла муздагыраак сүттү
пайдалансаңыз, даярдоо убакыты 8 саатка
чейин узарат.
–
Эгерде сиз уюткуну жетишсиз пайдаланган
болсоңуз, даярдоо убакыты 1012 саатка чейин
узарышы мүмкүн.
–
Даярдалган йогуртту муздаткычта 2 саатка жакын
кармоо зарыл. Бактериялардын өсүүсү токтойт,
ал эми йогурт андан да коюу болуп калат.
Сактоо мөөнөтү
–
Даяр сүт азыктардын сактоо мөөнөтү
ачытуунун шарттарынан (сүттүн сапаты,
пайдаланылуучу идиштин тазалыгынан ж.б.у.с.),
сактоо шарттарынан жана сиз кандай сүттү
пайдалангандыгыңыздан көз каранды болот.
–
Даяр йогурттун орточо сактоо мөөнөтү 7 күндөн
көп болбойт.
ЙОГУРТТУ ДАЯРДОО
–
1 литр сүттү даярдаңыз.
–
Сүткө уюткуну кошуңуз жана жакшылап
аралаштырыңыз, аралаштыруу үчүн блендерди
же миксерди пайдалансаңыз болот.
–
Даярдалган суюктукту идиштерге (3) куюп,
капкактарын (4) жабыңыз.
Эскертүү: Төгүлгөн сүттү идиштин бетинен
бир аз ным кездеме менен аарчып салыңыз.
–
Толтурулган идиштерди корпуска (1) орнотуңуз.
–
Идиштерди (3) түссүз капкак (5) менен
жабыңыз.
–
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
–
Кубаттандыруу өчүргүчүн (2) басып түзмөктү
иштетиңиз, ошондо баскычтын индикатору (2)
күйөт.
–
Йогурт даяр болгондо түзмөктү өчүргүч (2)
менен өчүрүңүз.
–
Электр шнурунун сайгычын розеткадан
сууруңуз.
Эскертүү:
–
Иштөө процессинде түзмөктү жылдыр баңыз!
Капкакты (5) ачпаңыз жана йогурту менен
идиштерди алып чыкпаңыз. Бул өнүмдүн
консистенциясын бузуп коюушу мүмкүн.
–
Кээде ферментациялоо процесси толук
жүрбөй калышы мүмкүн, мында йогурт суюк
болуп калат, бул учурда йогуртту даярдоо
убакытын көбөйтүңүз.
–
Йогуртту даярдап бүткөндөн кийин идиштерди
алып чыгыңыз, аларды капкактар менен
жабыңыз жана бактериялардын өсүүсүн
токтотуш үчүн 24 саатка муздаткычка коюп
коюуңуз.
Эскертүү: Йогурту менен идиштерди тоңдургуч
камерага койбоңуз.
–
Даярдалган йогуртка мөмө-жемиштердин
кесимдерин, бал, мюсли ж.б.у.с. кошууга
болот.
–
Даярдалган
йогуртту
муздаткычта
7 суткадан ашпаган мөөнөткө сактаңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
–
Шайманды өчүргүчү (2) аркылуу өчүрүп, электр
шнурунун сайгычын электр розеткасынан
суруңуз, шайманды муздатып алыңыз.
–
Идишти (3), капкакты (4) жана түссүз капкакты
(5) нейтралдуу каражаты бар суу менен жууп,
кургактыңыз.
–
Корпусту (1) же идиштерди (3), капкактарды
(4) жана түссүз капкакты (5) абразивдүү жуучу
каражаттар же аралашмалар менен жууганга
тыюу салынат.
–
Кургаткычтын корпусун (1) жумшак бир
аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, кургатып
сүртүңүз.
–
Корпусун (1) сууга же башка суюктуктарга
салбаңыз. Корпустун (1) вентиляциялоо
тешиктерине суу кирүүгө жол бербеңиз.
САКТОО
–
Шайманды сактоо жайына алып салуунун
алдында аны тазалап алыңыз.
Summary of Contents for VT-2601
Page 1: ...VT 2601 Yogurt Maker Йогуртница 3 7 11 15 19 23 ...
Page 2: ...5 1 2 3 4 ...
Page 27: ......