27
КЫРГЫЗ
балык кесимдерин чыгарып, кургатып салыңыз.
Балык кесимдерин табака салып, үстүнө туз
менен жыттуу чөптөрун себиңиз (туздун 1 чай
кашыгы 1 кг балыкка). Табактын үстүн жабып,
муздаткычка 6 саатка салыңыз.
Балык кесимдерин кургатуу секцияларына (4)
салып, суусу сыгып бүткөнүнө чейин кургатып
туруңуз. Балыкты муздаткычта 3 айдан ашпаган
мөөнөткө сактаңыз.
Бышкан балык же етти кургатуу
Этти же балыкты алдын ала бышырыңыз. Майды
алып салып, кубиктерге кесип алыңыз. Даяр
болгонуна чейин кургатыңыз. Герметикалык
таңгакта үй температурасында 2 жумадан
ашпаган мөөнөткө, муздаткычта болсо –3 айдан
ашпаган мөөнөткө сактаңыз.
Азыктарды сактоо
Кургатылган азыктарды туура таңгактоо сактоо
мөөнөтүн узартат.
–
Кургатуудан кийин азыктарды муздатып
салыңыз, андан кийин герметикалык пластик
баштыктарга салыңыз. Азыктарды вакуум
таңгагында сактоосу эк жакшы натыйжаны
берет.
–
Азыктар сактала турган контейнерлерде же
баштыктарда азыктын атын жана кургаткан
датасын коюңуз.
–
Азыктар бузулбоосуна жол бербөө үчүн
кургатылган азыктардын таңггындда ным
пайда болбогонун мезгилдүү түрдө текшерип
туруңуз. Ным пайда болсо, азыктарды кайра
кургатыңыз.
–
Азыктарды караңгы салкын жерде сактаңыз.
Кургатылган азыктарды оптималду сактоо
температурасы 15°С жогору болбоо зарыл.
Кургатылган
азыктарды
муздаткычтын
муздатуу же тоңдуруу бөлүгүндө сактаңыз.
–
Жашылчаларга карата, мөмөлөрдө көбүрөөк
шекер жана кычкылтектери бар, ошол үчүн
алар кургатуу жана сактоого ылайыктуураак.
Кургатылган мөмөлөрдүн абалын мезгилдүү
түрдө текшерип туруңуз.
–
Кургатылган мөмө, жашылча, дары чөп, жаңгак
жана нанды муздаткычта/тоңдургучта бир
жылдан ашпаган мөөнөткө сактаңыз.
Тазалоо жана тейлөө
–
Шайманды өчүргүчү (2) аркылуу өчүрүп, электр
шнурунун сайгычын электр розеткасынан
суруңуз, шайманды муздатып алыңыз.
–
Секцияларды (5) жана капкагын (6) нейтралдуу
жуучу каражаты менен жылуу сууга жууп,
кургатып алыңыз.
–
Корпусун (1) же секцияларын (5) тазалоо
үчүн абразивдүү жуучу каражаттарды же
эриткичтерди колдонууга тыюу салынат.
–
Кургаткычтын корпусун (1) жумшак бир
аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, кургатып
сүртүңүз.
–
Корпусун (1) сууга же башка суюктуктарга
салбаңыз. Корпустун (1) вентиляциялоо
тешиктерине суу кирүүгө жол бербеңиз.
Сактоо
–
Шайманды сактоо жайына алып салуунун
алдында аны тазалап алыңыз.
–
Шайманды балдар жетпеген кургак салкын
жерде сактаңыз.
Жабдыктын жыйынтыгы
Кургаткыч – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Техникалык мүнөздөмөсү
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Кубаттуулугу: 250 Вт
Көлөмү 10 л
Өңдүрүүчү шаймандардын дизайнин жана
техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала
эскертпей өзгөртүү укугун сактайт.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.
IM VT-5051.indd 27
21.12.2016 16:52:38