18
КЫРГЫЗ
•
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Бузулуулар пайда болгонуна жол бербөө
үчүн шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жеринде сактаңыз.
АСПАП
ТУРАК
ЖАЙЛАРДА
ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
•
Түзмөктү таңгактан чыгарып, иштегенине
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды
сыйрып алыңыз.
•
Электр шнурун толук узундугуна жандырып
алыңыз.
•
Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз,
бузулуулар бар болсо шайманды иштетпеңиз.
•
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
ФЕНДИ ИШТЕТҮҮ
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
•
Электр шнурунун сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
•
Аба агымынын ылдамдуулугунун которгучу (1)
менен керектүү ылдамдуулукту таңдаңыз:
0 = фен өчүрүлгөн;
I = төмөн ылдамдык;
II = жогору ылдамдык.
•
Ысытуу деңгээлинин которгучу (2) менен аба
агымынын керектүү температурасын таңдаңыз.
I = төмөндөгөн ысытуу
II = орточо ысытуу
III = максималдуу ысытуу
Чачты кароо
Оптималдуу натыйжасы үчүн (кургатуу жана
жасалоонун алдында) чачты шампунь менен жууп,
ашыкча сууну кетирүү үчүн сүлгү менен кургатып,
тарап алыңыз.
Тез кургатуу
Которгучту (2) максималдуу ысытуу абалына
(III абалы) коюп, которгучу (1) менен аба агымынын
керектүү ылдамдыгын таңдап, чачты кургатыңыз.
Колуңуз менен же тарак менен чачтан ашыкча
сууну силкип, фенди чачтын үстүндө улам
жылдырып туруңуз.
Түздөтүү
Которгучту (2) максималдуу ысытуу абалына
(III абалы) коюңуз, которгучу (1) менен керектүү аба
ылдамдыгын таңдап, чачты алдын ала кургатыңыз.
Чачыңыз кургаганга жакын болгондо, концентратор
насадкасын (4) орнотуп, ысытууну которгучу (2)
менен жана аба ылдамдыгын которгучу (1) менен
азайтып алыңыз.
Чачты тутамдарга жана катмарларга бөлүп,
астынкы катмарлардан баштап түздөтүңүз.
Тегерек же жалпак тарак менен чачты үстүнөн
ылдый жака тарап, аны менен бир убакытта
концентратор насадкасынан чыккан ысык абаны
чачка үйлөтүңүз. Ушунтип чачтын ар тутамын
түбүнөн учуна чейин түздөтүңүз. Чачтын астынкы
катмарын түздөтүп бүткөндөн кийин ортонку
катмарын түздөтуп баштаңыз, бул процессти
үстүнкү катмардагы тутамдарды түздөтүү менен
бүтүрүңүз.
Чачтын табигый тармал структурасы
Которгучту (2) төмөндөгөн ыстуу абалына
(I абалы) коюп, которгучту (1) I абалына коюңуз, чач
тутамдарын бармактарыңыздын арасында бекем
кармап, табигый түрдө тармалданган тарабына
каратып, бармагыңыздын арасына ысык абаны
үйлөтүп чачты кургатыңыз. Керектүү эффектти
жеткенде, муздак шамал үйлөтүү баскычын (3)
басып ар тутамды бекитиңиз.
Чачты көтөрүү жана көлөмүн көбөйтүү
Фенди ысытуу/аба ылдамдык режимдерин
төмөндөгөндөн максималдууга чейин таңдап
башыңыздын арткы жагынан баштап чачтын түбүн
кургатыңыз.
Чачтын стилин жасоо
Которгучтарды (1, 2) төмөндөгөн ысытуу/аба
ылдамдыгы абалына коюп, багытталган аба
агымы үчүн фенге концентратор насадкасын (4)
орнотуңуз.
Чачты тутамдарга бөлүп, чачты жасалоо үчүн
тегерек тарагы менен керектүү стилди жасаңыз.
Чачты жасалоо убагында абаны чачтын үстүнө
керектүү багытында үйлөтүңүз.
Керек болсо, чачтын абалын бекитүү үчүн абаны
ар тутамына 2-5 секунданын ичинде үйлөтүңүз.
Чач тутамдарын жасалоо мөөнөтүн чачтын түрүнө
карап өөзүңүз таңдайсыз.
IM VT-8226.indd 18
17.04.2018 14:45:25
Summary of Contents for VT-8226
Page 1: ...1 VT 8226 3 6 10 13 Hair dryer 17 IM VT 8226 indd 1 17 04 2018 14 45 23...
Page 2: ...IM VT 8226 indd 2 17 04 2018 14 45 23...
Page 6: ...6 VT 8226 1 0 I II 2 I II III 3 4 5 6 7 30 IM VT 8226 indd 6 17 04 2018 14 45 24...
Page 7: ...7 www vitek ru 1 0 I II 2 I II III 2 III 1 2 III IM VT 8226 indd 7 17 04 2018 14 45 24...
Page 8: ...8 1 4 2 1 2 I 1 I 3 1 2 4 2 5 3 1 0 5 10 5 1 0 5 IM VT 8226 indd 8 17 04 2018 14 45 24...
Page 10: ...10 VT 8226 1 0 I II 2 I II III 3 4 5 6 7 30 IM VT 8226 indd 10 17 04 2018 14 45 24...
Page 13: ...13 VT 8226 1 0 I II 2 I II III 3 4 5 6 7 30 IM VT 8226 indd 13 17 04 2018 14 45 25...
Page 15: ...15 2 I 1 I 3 1 2 4 2 5 3 1 0 5 10 5 1 0 5 7 IM VT 8226 indd 15 17 04 2018 14 45 25...
Page 17: ...17 VT 8226 1 0 I II 2 0 I II 3 4 5 6 7 30 IM VT 8226 indd 17 17 04 2018 14 45 25...